Жапаров Путиндин туулган күн мааракесине барган жок

0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ лидерлеринин бейформал жыйынына барган жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмондун мааракесине да арналган жыйынга катышпоону чечкен.

Кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысынын Орусияга барбай турганын ырастады. Бирок ал президент иш графигине байланыштуу сапардан баш тартты деп түшүндүрдү.

Эрбол  Султанбаев 7-октябрда белгиленип жаткан орус президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлгөнүн билдирди.

7-октябрда Садыр Жапаров Орусиянын президентине телефон чалып, 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганы белгилүү болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз