Четверг, 9 мая

Стамбулдун көчөдө сатылган тамактарын таанып алыңыз

0

Жайгашкан орду, географиясы, маданияты жана тарыхы менен дүйнөгө белгилүү Стамбул түрдүү тамака-ашы, даамдуу кулинариясы менен да көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Кылымдар бою түрдүү эл жашап, түрдүү маданияттын чордону болуп келген Стамбулда бай гастрономияда калыптанган. Түрк ашканасынын байыркы пайдубалы дал ушул калаада түптөлгөн десек жаңылышпайбыз.

Тамыры терең түрк ашканасы жана тамак-аш маданиятын бүгүнкү күндө да Стамбулдагы ири ресторан, кафелерден көрө аласыз. Түрк ашпоздору байыркы дасторкон, байыркы гастрономиясын салтуу жана заманбап түрдө жасап, көпчүлүктүн сынына коюп келет. Дүйнөдөгү эң престиждүү ресторандардын рейтингин чыгарган рейтинг Мишлен компаниясы 2022-жылы Стамбулду гастрономия боюнча эң мыкты 38-эл аралык дестинация катары кабыл алгандан кийин калаанын тамак-аш багытындагы статусу дагы да жогорулады. Стамбулдун космополит ашканасы модерн ресторандарга гана эмес көчөлөргө да кеңири жайылып, “Көчө гастрономиясына” да жаңы дем берип келе жатат.

Бүгүн биз Стамбул көчөлөрүндөгү эң популярдуу, тойумдуу, таза жана баасы да чөнтөктү көп жукартпайтурган 10 тамак-аш тууралуу кеңири кеп кылабыз.

Дөнер –  бул түрк элинин эң белгилүү көчө тамактарынын бири. Мындайча айтканда жашылча, чөп-чар, помидор, пияз эт, гриль менен жасалган нан же бутерброд десек болот. Ресторандарда күрүч кошулган дөнер кебабы да негизи тамак катары жасалат. Эң даамдуу дөнер кебаптарын сиз Түркиянын Стамбул, Султанахмет, Эминөнү, Бешикташ жана Үскүдар райондорунан таба аласыз. Дөнер кебабы негизинен кой, козу же тоок этинен жасалат.

Симит – Жылуу, кытырак жана каймак даамдуу симит Стамбулда ар бир көчөсүндө сатылат. Симит шакек формасындагы күнжүт себилген нан. Түрктөр таң эрте ысык симитсиз чай ичишпейт. Тандыр, навайканаларда бышырылган симиттер эрте таңда көчөлөрдө сатылат. Саар менен Стамбул көчөлөрүнө чыксаңыз, күнжүттүү нандын жыты буркурурап, табитиңизди ачат. Симит калаада өтө тез сатылып кетет. Калаа тургундарынын издеп жейтурган наны десек болот. Жадагалса Босфор балыктары да симит жешет. Шаардыктар деңизге чыкканда балыктарга симитти майдалап ыргытат. Балыктарга симит ыргытуу кадимки ырым-жырым катары сакталып калган.

Мидия долма – Стамбул жана Түркиянын деңиз жээктей жайгашкан шаарларында эң көп жасалат.  Мидия кабыгынын ичине күрүч, пияз, мидия, туз жана жыпар жытуу заттар салынып, үстүнө лимон ширеси кошулат. Тамак мидия кабыгынын ичинде бышырылат. Мидия долмаси ресторандарга коюлат. Бирок көпчүлүк учурда сатуучулар бул тамакты чоң  табактарга салып алып, көчө кыдырып сатышат. Бул даамдуу тамак калаанын бардык жеринде бар. Бирок Стамбулдун Бейоглу, Каракөй, Кадыкей жана Үскүдар райондунда көбүрөөк жасалат.

Көкөреч – бул койдун ичегинен жасалган бутерброд. Стамбулдун тез тамак жайларында эң көп жасалган жана эң көп сатылган тамак. Айрым ашпоздор көкөречтин татымалсыз түрүн да сунуштайт. Кайсынысын тандабаңыз даамы оозуңузда калат. Стамбулга жолуңуз түшүп калса көкөречтен ооз тийбей кетпеңиз.

Каштан токоч – Стамбул көчөлөрүн куурулган каштан жыты аралай баштаса бул күз келди дегенди түшүндүрөт. Чокко кактала бышырылган каштан токочтордун жыпар жыты тим эле каңылжаарды кытыгылайт. Каштан токоч кишини ток тутат. Муну менен катар ден-соолукка да пайдалуу. Каштан алгач Стамбулда гана жасалган. Бирок бүгүнкү күндө Истиклал, Багдад жана Бахарие сыяктуу киши көп баскан көчөлөрүндүн баарында эле сатылат.

Кумпир – бул чокко бышырылган картошка. Атайын чоңураак картошка тандап алынат да, чокко бышырылат. Даяр болгон картошканын ичине сары май, сыр, кайнатылган жүгөрү, зайтун, туздалган бадыраң жана колбаса салынат. Кардардын талабына жараша түрдүү ингредиент жана соустар кошулат. Стамбулдун кайсы көчөсүнө баш бакпаңыз кумпир саткан жайлар бар. Бирок кумпирди эң даамдуу жасаган ашпоздор Ортокөйдө тиричилик кылат. Эң даамдуу кумпир да дал ушул райондо сатылат.

Балык нан – бул Стамбулдун эң байыркы көчө тамагы. Балык отко какталып бышырылып, ысык нандын ичине салынат. Кардардын талабына жараша лимон, помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштер кошулат. Балык нан негизинен Түркиянын деңизге жакын шаарларында көп жасалат.

Бөрек – түрк ашканасынын популярдуу тамактарынын бири. Сыр, шпинат, фарш же картошканы жупкага ороп жасашат. Стамбулдун Сарижер айылы бөректери менен белгилүү.

Тоок палоо – бул бууга бышкан тоок эти жана күрүчтөн жасалган көчө тамагы. Кээ бир ашканаларда тоок палоого нокот да кошуп жасашат. Тоок палоого түрк йогурту, туздалган бадыраң же айран кошо тартылат.

Туршу суусу – бул туздалган бадыраң. Туздуу бадыраң суу менен кошо кичинекей стакандарда берилет.  Стамбулдун кайсы жеринде болбоңуз туздуу бадыраң суу алдыңыздан чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз