Дүйнөнүн кайсыл аймагында эң көп суицид болоору аныкталды

0

Африка дүйнөдөгү суицид эң көп болгон континент деп жарыяланды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө дүйнө жүзү боюнча өз жанын кыйгандардын саны белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, Африка дүйнөдөгү суицид эң көп болгон континент болду.

Дүйнөдө 100 миң кишиден 9 киши өз жанын кыйгандыгы билдирилип,  Африкада бул көрсөткүчтүн 11 кишиге өсүп, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору экени баса белгиленди.

Билдирүүдө Африкада ар бир 500 миң кишиге бир психиатрдын туура келери, мунун Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  сунушунан 100 эсе аз экени белгиленди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз