Пятница, 20 сентября

Бишкекте студенттердин эл аралык жолугушуусу

0

26-апрелде Кыргыз Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк Ч.Айтматов окуу залында студенттердин эл аралык жолугушусу болуп өттү. Башка өлкөлөрдөн жогорку билим алуу үчүн Кыргызстанга келген студенттер өз өлкөлөрүн, маданиятын, салтын, үрп-адатын таанытышты.

Жолугушуу Эл аралык студенттер бирикмесинин (UDEF) колдоосу жана Медиа жана маданият коомдук бирикмеси менен Бириккен Жаштар уюмунун уюштуруусу менен болуп өттү.

Студенттердин мындай жолугушуусу Туркияда он эки жолу өткөрүлсө, Кыргызстанда бул экинчи ирет болууда. Жолугушуунун максаты Кыргызстанда жогорку билим алып жаткан чет өлкөлүлүк студенттер менен Кыргызстандык жаштардын таанышуусу, чет өлкөлүк конок студенттердин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү, конок студенттерге кыргыз маданиятын таанытуу, кыргыз жаштарга болсо, башка өлкөлөрдөн келген студенттердин мамлекеттери тууралуу маалымат алуусуна шарт түзүү болуп эсептелинет.

Жолугушууда Эл аралык студенттер биримдигинин (UDEF) билим берүү координатору Мүжахит Йүжел, Туркия эл аралык бүтүрүүчүлөр бирикмесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Али Мухаммед Фарах, Бириккен Жаштар уюмунун төрагасы Аскат Шайхутдинов, Медия жана Маданият коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Имамов, » Инсандык жардам» коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Байзак Маматалиев сөз сүйлөдү.

Эл аралык студенттер бирикмесинин (UDEF) колдоосу менен кийинки окуу жылынан баштап 10 конок студентке айлык стипендия берүү маселеси сүйлөшүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз