Кыргызстан ЖККУнун машыгуусуна катышуудан баш тартты

0

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тажикстанда өтчү машыгуусуна катышпайт. Маалыматты КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Мекемеден эмне себептен мындай чечим кабыл алынгандыгын ачыкташкан жок.

Белгилей кетсек, “Рубеж-2022” аскердик машыгуусу Тажикстанда октябрь айында өтөт.

Эске салсак, «Бузулгус боордоштук – 2022» аттуу ЖККУнун машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчыда өтмөк. Бирок Кыргызстан өз аймагындагы ЖККУнун кезектеги машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз