Пятница, 3 мая

Өзгөндө чогулган эл Кемпир-Абад боюнча бийликке талап койду

0

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында “Элдик курултай-Кемпир-Абад” деп аталган жыйын болуп өттү.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө каршы болгон 500гө чамалуу адам топтолуп, элдик курултай өткөрөрүн айтышкан. Ал жерге Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары жана башка саясатчылар, жарандык активисттер дагы барган.

Соңунда алар резолюция кабыл алып, бийликке төмөнкүдөй талаптарды коюшту:

Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргызстандын менчигинде калсын;

Жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулсун;

Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо мамлекеттик комиссиясы кайрадан түзүлсүн.

Эгер бул талаптар аткарылбаса Бишкекте дагы элдик курултай өткөрүлөрү белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз