Пятница, 26 апреля

Жалпы пенсиянын орточо көлөмү 8 миң сомдун айланасында

0

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулап, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү.

«Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33 пайызга же 1 миң 988 сомго жогору. Өлкө аймагындагы 735,9 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 млрд 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 млрл 83 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 млрд 341,3 млн сом кошумча керектелет», — дейт ал.

Улан Жума уулу пенсионерлер 2022-жылдын октябрь айынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алып башташканын белгилеп кетти.

«Пенсиянын жогорулашы жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлдү. Стаж дагы ар бир кызматтыкы ар башка болот», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз