Воскресенье, 19 мая

Фото. Телескоп 7000 жарык жылы алыстыктагы “жаратылуунун түркүктөрүн” сүрөткө тартып алды

0

АКШнын авиация жана космостук агенттиги НАСА учурган Жеймс Уэбб космостук телескобу Хаббл космостук телескобу тарабынан катталган жана «Pillars of Creation» (Жаратылуунун түркүктөрү) деп да билинген чаң булутун тартып алды.

БибиСинин кабарына караганда жерден болжол менен 6 миң 500 жарык жылы алыстыкта ​​жайгашкан Жылан топ жылдызындагы  Бүркүт туманындагы тыгыз суутек жана чаң булуту бул жолу Жеймс Уэбб космостук телескобу тарабынан сүрөткө тартылды.

НАСА 2021-жылы 25-декабрда дүйнөнүн эң чоң жана өнүккөн космостук телескобу Жеймс Уэббди Хаббл телескобунун мураскери катары космоско учурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз