Четверг, 9 мая

Жапаров КМШнын өкмөт башчыларынын жолугушуусуна катышты

0

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылы казак тараптын КМШнын төрагасы катары ишин жогору баалайт. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы төрагалыгы алкагында экология, климат темасы, транспорт, миграция саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери артыкчылыктуу милдеттер катары саналат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз