1-ноябрь күнү кечинде Дубай шаарындагы Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, бул БАЭге иш сапар менен барган Садыр Жапаровдун урматына жасалган.
Эскерте кетсек, 163 кабаттуу 828 метрлик Бурж-Халифа Араб эмирлигиндеги эле эмес дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп саналат.