Понедельник, 20 мая

АКШ: Түндүк Корея Орусияга ок-дарыларды жашыруун берип жатат

0

АКШ Түндүк Корея жашыруун түрдө Орусияга артиллериялык снаряддарды берип жаткан болушу мүмкүн деп шектенүүдө. 

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча директору Жон Кирби Zoom аркылуу брифингде Ак үйдүн журналисттерине тышкы саясат боюнча билдирүү жасады.

Түндүк Кореянын Орусия-Украина согушу башталгандан бери Орусияны колдогондугу жөнүндөгү билдирүүлөрдү четке какканына көңүл бурган Кирби: «Анткен менен биздин чалгындоо маалыматыбыз көрсөткөндөй, Украинадагы согушта Түндүк Корея Орусияга олуттуу өлчөмдө артиллерия снаряддарын берип жатат»,-деп айтты.

Кирби, Орусиянын ок-дарыларды ташыган кемелери Жакынкы Чыгыш же Түндүк Африкага жөнөтүлүп жаткандай түр көрсөткөнүн, бул маселенин эл аралык санкциялардын алкагында баалана турганын айтты.

АКШнын Украинага коргонуу жардамын уланта турганын баса белгилеген Кирби: «Түндүк Кореянын жардамы согуштун жүрүшүн өзгөртпөйт», — деди. 

Кирби билдирүүсүндө Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна да токтолуп, учурда АКШнын материгине жана америкалык аскерлер жайгашкан аймактарга коркунуч жок экенин айтты.

Сентябрь айында да АКШнын Чалгын кызматы Орусия Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды жана башкарылгыс ракеталарды сатып алып жатканын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз