Четверг, 21 ноября

Видео. Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюлду

0

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери бүгүн бир катар келишимдерге кол коюшту. Аларды арасында Кемпир-Абад боюнча келишим да бар.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен расмий иш сапары менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;

— КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;

— КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;

— КР ТИМинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ТИМ башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз