Пятница, 22 ноября

Депутаттар Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандарга жолукту

0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков менен биргеликте СИЗО-1ге барышты. Депутаттар Чыңгыз Айдарбеков, Нулифар Алимжанова, Эмил Жамгырчиев, Гуля Кожокулова, Сеид Атамбаев, Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардан кабар алышты.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешке атайын комиссия түзүү сунушу менен кайрылышты. Бул тууралуу депутат Сеид Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, № 1 Тергөө абагында кармалган активисттер депутаттар менен жолугушууда абактагы шартка арызданышкан эмес.

Экс-депутат Орозайым Нарматованын учурда өнөкөт оорусу күчөп, СИЗО 1ги врачтардын жардамын алууда.

«Кармалгандар, Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин баардык депутаттарына кайрылуу жолдошту. Кыргызстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери тарабынан Кемпир-Абад боюнча макулдашууга кол коюлгандан кийин, алардын түшүнгөнү боюнча Кемпир -Абад маселеси үчүн кимдир бирөөну абакта кармоо жана аларга карата кылмыш ишин улантууга кежети жок экенин белгилешти», — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз