Суббота, 18 мая

Зеленский : «Бүгүн тарыхый күн, Херсонго кайтып жатабыз»

0

Украин армиясы Херсон шаарына кирди. Бул тууралуу өлкө президенти Зеленский Telegramдан берген видео билдирүүсүндө Украина атайын күчтөрүнүн орус күчтөрү чыккан Херсон шаарына киргендигине байланыштуу баа берди.

Армиянын Херсон шаарына жакындагандыгын айткан Владимир Зеленский : «Бүгүн тарыхый күн. Өлкөбүздүн түштүгүнө, Херсонго кайтып жатабыз»,- деди.

Зеленский Украина армиясынын Херсон аймагында коопсуздукту түзүү үчүн керектүү иштерди жасай турганын белгилеп, аймакта калган орус аскерлерин багынууга чакырды.

Зеленский өлкөсүндө иштеп жаткан United24 каражат чогултуу платформасынын учкучсуз деңиз транспорту паркын түзүү үчүн кампания баштаганын жана биринчи унаага бир саатка жакын убакытта жетиштүү акчанын чогултулганын айтып : «Алынган биринчи учкучсуз деңиз  транспортуна Херсон аты берилди. Бул абдан логикалуу. Экинчи деңиз транспортун Севастополь деп атайбыз. Булардын баары менен Крымыбыздын боштондукка чыгуу мезгилине жакындап калганына ишенем»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз