Среда, 24 апреля

Япон унааларын ташып келүүнү талап кылган коомдук бирикме түзүлдү

0

Япониядан оң рулдуу унааларды ташып келүүгө уруксат берилишин талап кылган коомдук бирикме түзүлдү. “ЗаЯпошки” деген кыймыл атайын устав даярдап, негиздөөчүлөрүн аныктады. Кыймыл эми бул бирикмени расмий каттоодон өткөрүүнү максат кылууда.

Бирикменин негиздөөчүлөрүнүн бири Эртай Искаков социалдык түйүн аркылуу билдирүү жасап, колдоочулардын санын 5 миңге жеткирүүнүн максат кылышканын билдирди. Эртай Искаков негизги максаттары Япониядан оң рулдуу унаалардын алынып келиниши боюнча мамлекеттен уруксат алуу экенин маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз