Пятница, 18 октября

Токаев эми Казакстанды 7 жыл башкарат

0

Казакстан БШКсынын алдын ала тараткан маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаев шайлоодо добуштардын 81,31 пайызын алып, жеңишке жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нурлан Абдировдун айтымында, Токаевге 6 миллион 456 миң 392 адам добуш берген.

Башка талапкерлерге берилген добуштар:

Баарына каршы — 5,8 пайыз;

Жигули Дайрабаев — 3,42 пайыз;

Мейрам Кажыкен — 2,53 пайыз;

Каракат Абден — 2,6 пайыз;

Салтанат Турсынбекова — 2,12 пайыз;

Нурлан Ауесбаев — 2,22 пайыз.

Белгилей кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 20-ноябрда, өттү. Коңшу өлкөнүн президенттигине алты адам ат салышты. Алардын арасында өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаев да болду. Эми Токаев Казакстанды 7 жыл башкарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз