Четверг, 25 апреля

Фото. Индонезиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны өсүүдө

0

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында болгон 5,6 баллдык жер титирөөнүн кесепети оорлоп баратат.

Индонезиянын Улуттук апаат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдө каза болгондордун саны 268ге, жаракат алгандардын саны 1083кө жетти. 151 адамдын болсо дайынсыз экени кабарланды.

Батыш Яванын губернатору Ридван Камил, каза болгондордун көбүнүн окуучулар экенин, жер титирөө учурунда окуучулардын мектептерде болгонун билдирди.

Жер титирөөдөн кийин башталган куткаруу иштеринде, жолдор менен көпүрөлөрдүн бузулушу, бетон урандыларын ташууга керектүү оор техниканын жетишсиздиги бир топ кыйынчылык жаратты.

Жетекчилер жер көчкүлөр жана жердин ойдуңдуу түзүлүшүнөн улам куткаруу иштеринин кыйын болуп жатканын билдиришти.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо жер титирөөдөн үйлөрү жабыркагандарга 50 миллион рупийге (3180 доллар) чейин жардам көрсөтүүгө убада берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз