Суббота, 27 апреля

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды

0

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы тунгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы Ислам Инситутуна айлантып, окуу программаларын да жогору даражага көтөрүп, ага «Азрети Али» наамын берди. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып, иштей баштаган. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Сауд Араб Падышачылыгына ажылыкка барышты. Ушул жылы муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин улуттары жашаган айылда Ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоого багытталган карылар медресеси ачылган. Муфтий Кимсанбай ажы Эмираттагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитти куруп берүүгө жардам сурап, ал курган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлгөн.

Азыркы күндөрдө да ал мечит ордо калаада борбордук мечит наамында кызмат кылып келүүдө. 1994-жылы Азирети муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Сауд Араб Падышачылыгындагы Ислам Банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып алып берди. 1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана «Азрети Умар» институтун (учурдагы Гоголь-57 дарегиндеги имарат) көчүрүп киргизди. Азыркы мезгилде дагы дал ушул имаратта Диний Башкармалык жана Кыргызстан Ислам университети иштеп келе жатат.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны үч миңден ашты. «Азирети Умар» Ислам институтунда Мисрден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштады. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду.

Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп кызмат кылды. 2002-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам-хатиб болуп иштеди. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Мусакан төрө» мечитинде имам-хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат кылды. Муну менен катар тажрыйбалуу инсан, кызматкер катары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз