«Байкар» чыгарган Түркиянын биринчи учкучсуз учуучу аскердик учагы “Кызыл алма”, компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактар тарабынан жүргүзүлгөн алгачкы сыноосун ийгиликтүү аяктады.
Учкучсуз учак аба майданын ийгиликтүү айланып кайра ордуна келди. “Кызыл алма” абада беш саат учуп, 35 000 фут (10 миң метр) бийиктикке жете алат.