Четверг, 2 мая

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

0

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. «Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз