Суббота, 18 мая

Кыргызстанда жакырчылык 8 пайызга өстү

0

Эл аралык стандарттарга ылайык, эгер адам күнүнө 1,9 доллардан аз коротсо жакыр деп таанылат. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде жакыр адам жок. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Ошол эле учурда биримдикке кирген өлкөлөрдүн улуттук көрсөткүчтөрү боюнча 2021-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 8%га өсүп, 33,3%ды түзгөн.
Белоруссияда, Казакстанда жана Орусияда, тескерисинче, тиешелүүлүгүнө жараша 0,7%, 0,1% жана 1,1%га көрсөткүчтүн төмөндөшү байкалган.

Армения азырынча 2021-жылга карата маалыматтарды бере элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз