Пятница, 10 мая

Шакиев Москвага учуп кетти

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Орусиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында айтылат.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз