Воскресенье, 19 мая

Президент УТРКны кыдырды

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жаңыланган жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн анимация жана үн жазуучу студияларын көрүп чыкты, анда А.Жумакматов атындагы Академиялык симфониялык оркестринин жана акын-импровизаторлордун репетициялары өткөрүлгөн. Ошондой эле, УТРКнын «Алтын казына» борборунда, «Замана» студиясында, техникалык көзөмөл бөлүмүндө, аппараттык жана башка бөлүмдөрүндө болду.

Андан ары президент УТРКнын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты, майрамдык аземге жергиликтүү радио жана телекөрсөтүү тармагынын ардагерлери, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сыйлуу конок катары катышты.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда кыргыз радиосунун жана телекөрсөтүүсүнүн түптөлүү тарыхына токтолуу менен негиздөөчүлөрдү жана биринчи жетекчилерди эске салды, ошондой эле, корпорацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолду.

Президент ошондой эле, УТРКнын 90 жылдыгына байланыштуу УТРКнын жана борбор калаадагы ЖОЖдордун бир катар кызматкерлерине кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз