Пятница, 22 ноября

Гараж чыры: Мэриянын гараждарды басып алууга аракет кылып жатканы айтылды

0

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдына гараж кооперативдеринин мүчөлөрү митингге чыгышты.

Митингчилер менен сүйлөшүү үчүн вице-мэр Нурдан Орунтаев чыкты. Бирок алар мэрдин келишин талап кылышууда.  Акциянын катышуучулары гараждардын түрттүрүлүшүнө каршы экенин айтып, мунапыс сурашууда.

Ал эми вице-мэр гараж кооперативдери келишим түзүп, тиешелүү түрдө акча төлөшү керектигин айтып, келишими барлардын гаражы түрттүрүлбөй турганын билдирди.

Митингчилер Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №12 кооперативдин аймагында жайгашкан гараждардын алынышына каршы.

Буга чейин шаар бийлиги гараждардын ордуна көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай, футбол талаасын куруу пландалып жатканын билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз