Понедельник, 6 мая

Тарых музейинде Токтоболот Абдумомуновдун көргөзмөсү ачылды

0

Бүгүн, 15- декабрда Улуттук тарых музейинде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, прозаик Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөгө Т.Абдумомуновдун үй-бүлөлүк архивинен жана КР Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотодокументтер бөлүмүнөн алынган фотодокументтик материалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов баш болгон бир катар маданият ишмерлери жана Т.Абдумомуновдун уулу жана жакындары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Байсалов менен маданият министри Максутов Токтоболот Абдумомуновдун баскан жолунда кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө сиңирген зор эмгегин баса белгилешип, атасынын эмгегин азыркы муунга тааныштырып, жайылтып жаткан залкардын уулу Исхак Абдумомуновго ыраазычылык билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз