Воскресенье, 5 мая

Зеленскийден кем калабы?! Путин да фронтка барды

0

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушка катышкан аскер бөлүктөрү башкарылган биргелешкен штабга барды.  Кремлден берилген маалыматта Путиндин Украинадагы «атайын аскердик операцияга» катышкан аскердик бөлүктөрдүн биргелешкен штабына баргандыгы билдирилди.

Путиндин кечээ кечке чейин биргелешкен штабда болгондугу белгиленген маалыматта: «Мамлекет башчы Путин штабдын аткарган иштери тууралуу маалымат алды. Атайын аскердик операциянын алдыга жылы тууралуу отчетту угуп, жыйын өткөрдү жана өзгөчө командирлер менен сүйлөшүү өткөрдү»,- деп белгиленди.

Жыйынга орус Коргоо министри Сергей Шойгу жана башкы штабдын төрагасы Валерий Герсимов да катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз