Пятница, 3 мая

Дүйнө чемпиондугун уткан футболчулардын канча акча алаары белгилүү болду

0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк мелдеште эртең жыйынтыктоочу оюн болот. Франция менен Аргентинанын курама командалары беттешет. Жеңген командага ФИФА 41 миллион евро, ал эми жеңилген командага 30 миллион евро берет.

Мындан сырткары Франция менен Аргентинанын футбол федерациялары да футболчуларды жакшы ойноого мотивациялоо үчүн жеңишке жетишкенде ар бир футболчу канча акча аларын айтты. Франция ар бир футболчуга 1 миллион евро берүүнү убада кылса, Аргентинанын футбол федерациясы футболчуларга  1 миллион 300 миң евро бере турган болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз