Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Иран адам укуктары уюму (IHR) Ирандагы демонстрацияларда каза болгондордун саны 469га жеткенин жарыялады.
IHRдин интернет сайтында жарыяланган кабарда каза болгон демонстранттардын 32си аялдар, 63ү 18 жаштан кичүүлөр экени белгиленди. Өлкөдөгү 31 провинциянын 25ине байланыштуу маалыматтар камтылган отчетто эң көп курмандыктардын суннилер көп жашаган Систан-Белужистан провинциясында болгону айтылды.
Отчетто Систан-Белужистанда 130, Күрдистанда 53, Батыш Азербайжанда 54, Тегеранда 50, Мазандаранда 38, Керманшахта 25, Гиланда 26, Элборздо 20, Исфаханда 14, Хузестанда 10, Фарста 11, Разави Хорасанда 7, Чыгыш Азербайжанда 4, Лористан, Занжан, Меркез, Казвин жана Хамаданда үчтөн, Кохгилуйе-Буйер Ахмед, Ардебил, Илам, Бушер жана Хурмузганда экиден, Симнан жана Гулистанда бирден демонстранттын каза тапканы жазылган.
Бир тараптан отчетто демонстрацияларда кармалгандардын эң аз 39унун иш материалдарынын өлүм жазасына тартуу өтүнүчү менен сотко жиберилгени, бул кишилерден 11инин өлүм жазасына кесилгени белгиленди.