Пятница, 3 мая

Түркиялык нейрохирург Бишкекте акысыз семинар өткөрөт

0

Түркиялык нейрохирург Гүлшах Өзтүрк мээ ооруларын дарылоо боюнча жергиликтүү дарыгерлерге акысыз семинар өткөрөт. Бул тууралуу Asmer Medical компаниясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, иш-чара 21-декабрь саат 13:30да Бишкектеги Plaza отелинде болот.

“Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү дарыгерлер ар кандай мээ илдеттерин дарылоонун заманбап усулдары боюнча маалымат алышат. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 22-декабрда чет элдик нейрохирург бейтаптарды кабыл алып, консультация берет. Ага паркинсон, эпилепсия (талма) жана ар кандай мээ илдеттеринен жабыр тарткан адамдар кайрылып, маалымат ала алышат.

Дүйнөдө жалпысынан 7 млн адам мээ ооруларынан жабыркап келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз