Орусия: Армения тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартты

0

Орусия, тынчтык келишимине даярдык үчүн эртең Москвада өткөрүлүшү пландалган Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына Еревандын катышуудан баш тартканын билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө, Лачын коридорунун тосулушу жана тараптардын ортосунда аймактагы кен байлыктар боюнча иш-аракеттерге байланыштуу пикир келишпестиктерден улам чыңалган Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн жоопкерчилигинде болгон аймактагы кырдаал талкууланды.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров «Тоолуу Карабах менен Армениянын Лачын коридорунда тоскоолдуксуз байланышты камсыздоо боюнча үч тараптуу келишимдер так сакталышы керек» деп баса белгиледи.

Сүйлөшүүдө Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери 2020, 2021 жана 2022-жылдары кабыл алган декларацияларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз