Воскресенье, 19 мая

Бишкек-Ош жолунда көчкү унааны басып калды (Видео)

0

Кечээ, 10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен экендиги айтылат. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

“Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз