Суббота, 4 мая

Ысык-Ата районунда жаңы көз жарган келин кайтыш болду

0

Ысык-Ата районунда жаңы көз жарган 19 жаштагы келин кайтыш болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтуусуна караганла, келин баласы менен райондук төрөт үйүнөн чыгарылган.

«Жаш келин медициналык мекемеде каза болгон эмес. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын териштире турган атайын комиссия түзүлдү», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз