Түркия Крымда 13 жылга кесилген 5 Крым татарынын бошотулушун талап кылды.
Түрк Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө: «Крымдык татар тектештерибиз Жемил Гафаров, Сервет Газиев, Эрфан Османов, Алим Каримов жана Сейран Муртазанын бүгүн (кечээ) чыгарылган чечим менен 13 жылга эркинен ажыратылышы бизди тынчсыздандырууда», — деп айтылды.
Билдирүүдө Түркиянын Крым татарларынын өз мекенинде эркин жана коопсуз жашоо укугуна колдоору дагы бир жолу белгиленген билдирүүдө мындай деп айтылды: «Аты аталгандар жана мындан мурда да ушундай себептер менен камакка алынган Крым татар Улуттук Парламентинин төрага орун басары Нериман Жалал, Асан Ахметов жана Азиз Ахметовдор сыяктуу Крымда сясий себептер менен камакка алынган бардык текештерибиздин кыска убакытта эркиндигине жана үй-бүлөлөрүнө жетиши үчүн керектүү кадамдардын ташталышын күтүп жатабыз».