Четверг, 2 мая

Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

0

Тунгуч президент Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы мамлекет башчы Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүдө жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылган деп айыпталып жаткан.

Башкы прокуратура Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш өндүрүштөн токтотулганын белгиледи.

Эске салсак, Аскар Акаев 2021-жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз