Мериянын билдирүүсү боюнча кечээ 1-майдан баштап Бишкек шаарында фонтандын сезону ачылды.
«Тазалыктын» кызматкерлери 1-майдан баштап ишкананын карамагында болгон 16 комплексти иштете баштады. Алар ар күнүн саат 10дон кечки саат 7ге чейин иштеп турат. Ал эми Ала-Тоо аянтындагы жана Тарых музейнин алдындагы фонтандар кечки 9га чейин иштейт.
Ошондой эле фонтандык комплекстерге саат 14:00дөн 16:00гө чейин моторлору жана кыймылдаткычтары күйүп кетпеши үчүн, тыныгуу берилээри жана Ала-Тоо аянтында гүлдөрдү отургузуу уланып жатканын маалымдалды.