Воскресенье, 24 ноября

Бишкек-Кант трассасында кырсык болду (Видео)

0

Кечээ, 17-январда Бишкек — Кант трассасында «Тойота Марк-2» унаасы «Роснефти» май куюучу жайынын баалар жазылган стенддин сүзүп алган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу алдыда кетип бараткан унааны ашып өтүүгө аракет кылып жатып унааны башкара албай калган.

Жыйынтыгында 1982-жылы туулган П.С.П. аттуу айдоочу медициналык жардам алуу үчүн Ысык-Ата райондук ооруканасына кайрылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз