Пятница, 19 апреля

Ыштын айынан Бишкекте өзгөчө абал режимин киргизүүнү колдойсузбу?

0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Бишкек шаарын чулгаган ыштан улам ордо калаага өзгөчө абал режимин жарыялоону сунушташты.

Депутат Исхак Масалиев бишкектиктер ыштын арасында жашап калганын айтты.

«Жаман болду» деп унчукпай отура бербей, тез арада өзгөчө абал жарыялаш керек. Баарыбыз уу жыттап жүрөбүз, башыбыз айланып жатат. Муну расмий түрдө министрлер кабинетине сунуштап жатам. Кытайдын Пекин шаарында ушундай абал болгондо «кызгылт сары коопсуздугу» деп шаарды жапканга чейин барчу, бет кап тагууга сунуш берчү эле. Үч-төрт жыл күрөшкөндөн кийин асман көрүнүп калды. Демек, колдон келет экен», — деди Масалиев.

Анын пикирин эл өкүлү Адахан Мадумаров дагы колдоп, тез арада өзгөчө абал киргизбесе болбой турганын айтты.

«Эл аралык уюмдардын берген баасын көрдүңөрбү? Абанын булганышы боюнча Бангладештен да өтүп биринчи орунга чыктык. Дарыгерлер «жаш балдарды жана өзгөчө оорусу бар адамдардын көчөдө жүрүүсү кооптуу» деп коңгуроо кагууда. Бул өтө оор маселе. Кытай азыр абасын тазалап алды. Мурда ушундай учурда өзгөчө абал киргизчү. Мектепке, бала бакчага барган балдарга өзүнчө көңүл бурушчу. Азыр бизде дем алуу органдарынын оорусу боюнча Бишкек биринчи орунга чыгып жатат», — деди депутат.

Натыйжада эртең парламентке экология жана өзгөчө кырдаал министрлерин чакырып, маалымат ала турган болушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз