Пятница, 22 ноября

Нурсултан Назарбаев жүрөгү ооруп ооруканага түштү

0

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу «Хабар 24» мамлекеттик каналынын мурдагы директору Александр Аксютиц билдиргенин казакстандык ММКлар жазып чыкты.

Александр Аксютиц Назарбаевдин ооруканага жаткырылганы тууралуу өздүк булактарынан билген.

Анын айтымында, Нурсултан Назарбаев Астанадагы ооруканалардын бирине жаткарылган. Назарбаевдин жүрөгүнө комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер Назарбаевге операция жасалышы мүмкүн экенин айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз