Четверг, 9 мая

Ташиев Ошто УКМК кызматкеринин кармалышы боюнча үн катты

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн кармалышына байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, тергөөчүнү кармоо Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында жүргүзүлгөн.

«Мага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү пара талап кылып жаткандыгы боюнча жарандан арыз түшкөн. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тирешүүлөр» башталганы тууралуу билдирүүлөрдүн бардыгы чындыкка дал келбейт. Бардык чечимдер мамлекет башчысынын жетекчилиги астында кабыл алынат. Тергөөчүнүн кармалышы укук коргоо органдары биргелешип жүргүзүп жаткан атайын операция. Эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалган жок. Бул көзөмөл, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын катарын абийирсиз, таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракети. РИИБ жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу ушундай эле маалымат. Мыйзам бузган ар бир адам ээлеген кызматына жана жакындыгына карабастан жоопкерчиликке тартылат», — деп, Ташиев жана бардык чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана кабыл алынарын белгилеген.

Эскерте кетсек, 20-январда Башкы прокуратура Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз