Пятница, 3 мая

Эрдоган: Куранды өрттөгөн швециялыктардын НАТОго кошулуусуна макулдук бербейбиз

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Швецияда Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу «Түркия Республикасынын же мусулмандардын диний ишенимдерин сыйлабасаңыз, НАТО боюнча бизден эч кандай колдоо ала албайсыз», — деп айтты.

Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Эрдоган Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында Куранды өрттөөгө уруксат берилишин катуу сындады. «Түркия Республикасынын же мусулмандардын диний ишенимдерин сыйлабасаңыз, НАТО боюнча бизден эч кандай колдоо ала албайсыз», — деп айткан Эрдоган: «Биздин элчиликтин алдында ушундай шермендечилик кылгандар НАТОго мүчө болуу арыздары боюнча бизден эч кандай жакшылык күтпөшү керек», — деди эрдоган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз