Четверг, 25 апреля

Афганистанда сууктун айынан 157 киши каза болду

0

Афганистанда акыркы эки жумада күчөгөн ыңгайсыз аба ырайынан улам тоңуп каза болгондордун саны 157ге жетти.

Өлкөдө абанын температурасы түнү борбор шаар Кабулда 10 градуска чейин төмөндөсө, айрым аймактарда 30 градуска чейин төмөндөдү.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахими өлкө боюнча 157 кишинин сууктан каза болгонун белгилеп, эң көп жоготуулардын Гор, Бадахшан, Пактика жана Пактия провинцияларында болгонун айтты.

Рахими аба ырайынын катаал шарттарынан улам 75 миңден ашуун бодо малдын кырылгандыгын билдирди.

Афганистандын метеорологиялык мекемеси быйылкы кышта абанын температурасы былтыркыдан эки эсе суук болгонун, эң катуу сууктун Гор провинциясында таасирдүү болгонун белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз