Воскресенье, 28 апреля

ОшМУ Ага Хан фонду менен кызматташат

0

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү жетекчилер Ага Хан фондунун “MSDSP KG” коомдук фондунун Оштогу филиалынын директору Жылдыз Мамытова баштаган делегация менен жолукту.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда ОшМУ менен Ага Хан фондунун кызматташтыгы тууралуу сөз болду. Окуу жай жетекчиси университеттеги окуу-илим-өндүрүш-коммерциялаштыруу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Ректор ОшМУда “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштагандыгын, борбор студенттердин ойлоп табууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база экендигин, ошол эле учурда эң мыкты бизнес идеяларды колдоо жагынан Ага Хан фондунун кызматташтыгы жогору экендигин белгиледи.

Жыйындын алкагында Ага Хан фондунун жаштар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү, жумуш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосунда байланышты бириктирүүнүн үстүндөгү платформаны иштеп чыгуу, мал чарбачылыгы багытында долбоорлор аркылуу окуу жайдын табият таануу жана агрардык технологиялар факультети менен кызматташуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Эки тарап үчүн тең максатка ылайыктуу деп тандалып алынган багыттар боюнча алдыда жумушчу топ иш алып барат, жыйынтыгында меморандумга кол коюлат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз