Понедельник, 6 мая

Түркиядагы зилзала. Дүйнөлүк мусулман аалымдардын кайрылуусу

0

Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдиги ислам дүйнөсүн жер титирөө болгон аймактарга тез арада жардам берүүгө чакырды. Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин жазуу түрүндөгү жарыясында очогу Кахраманмараш болгон жана аймактагы өлкөлөргө да таасирин тийгизген жер титирөөдөн улам Биримдиктин Түркия жана Сирия элдери менен тилектеш экендиги белгиленди.

Жер титирөөдө каза болгондорго Аллахтан ырайымын, жаралуулардын тез айыгып кетишин тилеген билдирүүдө, жер титирөө болгон аймактарга шашылыш жардам жеткирүү үчүн Ислам өлкөлөрүнө жана жардам уюмдарына чакырык жасалды.

Катар да Кахраманмараштагы 7,7 баллдык жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам кампаниясын баштады. Катар кайрымдуулук уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түркия жана Сирияга «Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам» урааны менен жардам кампаниясы башталганы белгиленди. Билдирүүдө медициналык жардам менен катар гуманитардык жардам материалдарынын аймакка жеткирилиши үчүн чоң аракет менен даярдалганы белгиленди.

Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха көңүл айтуу билдирүүсүндө жер титирөөдө каза болгондордун жакындарына тилектештигин билдирди.

Таха ИКУга мүчө өлкөлөрдү, тиешелүү мекемелерди жана бардык союздаштарды Түркиянын куткаруу иштерине салым кошууга чакырды.

Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гайт да Түркия менен Сирияны титиреткен жер титирөөдөн улам эл аралык коомчулукту чукул жардам көрсөтүүгө чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз