Пятница, 10 мая

Урандынын арасында төрөлгөн ымыркайды миңдеген киши талашып жатат (Фото)

0

Сирияда 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин кыйраган имараттын урандылары астында төрөлгөн ымыркайды багып алуу үчүн миңдеген адамдар кайрылды. Африндин Синдерес шаарчасында урандылардын астында төрөлгөн Айя (керемет) ымыркай куткарылганда киндиги дагы эле апасына туташып турган. Анын апасы, атасы жана төрт бир тууганы урандылардын астында калып каза болду. Айя болсо азыр ооруканада.

Кичинекей ымыркайды караган педиатр Хани Маруф дүйшөмбү күнү ымыркайдын абдан начар абалда ооруканага жеткирилгенин, учурда абалы жакшы экенин айтты.

Социалдык тармактарда Айянын куткарылышынын көрүнүштөрү тараган. Кадрларда бир киши чаң болгон наристени урандынын астынан алып чыгып жаткан. Үй-бүлөнүн алыскы тууганы Халил аль-Сувайди Айя урандылардын астынан чыгарылгандан кийин Африндеги ооруканага алып барды. Социалдык тармактарда миңдеген адамдар ымыркайды кантип багып алса болорун сурашты.

Оорукананын директору доктур Аттиах Халид, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан Айяны багып алууну каалагандардын телефон чалып жаткандарын айтты.

Айядан төрт ай улуу баласы бар Халид «Азыр аны эч кимге багып алууга уруксат бербейм. Алыскы туугандары кайтып келгенге чейин өз баламдай багам»,- деди.

Аянын кичи мекени Синдересте болсо адамдар урандылардын астынан жакындарын издеп жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз