Воскресенье, 28 апреля

Кыргызстан Түркияга дарыгерлердин тобун жөнөтөт

0

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барат. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, жогорку деңгээлдеги нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр хирургу, жалпы хирургдардан турган квалификациялуу адистердин командасы даярдалган.

Дарыгерлер КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө ооруканасында иштешет.

Министр Гүлнара Баатырова Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн дос түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтөрүн белгиледи.

«Түркия жардамга муктаж болгондо ар дайым жардам колун сунууда жана боордошторубуз үчүн ушундай оор мезгилде аларды колдоого милдеттүүбүз. Андыктан дарыгерлер тобу Түркиянын жабыркаган аймактарына барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтөт», — деди министр.

Дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана тигүүчү материалдар менен камсыздалат.

Ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акыларын которушат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз