Суббота, 4 мая

Атамбаев Испанияда дарыланат

0

Мага каршы коюлган кылмыштар болбогон кылмыш иштер. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев №27 абактан чыгып келе жатканда айтты.

«Мага каршы коюлган бардык кылмыш иштери токулган, болбогон иштер», — деди Атамбаев.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, тез арада дарылануу үчүн учуп кетиши керектигин айтты.

«Ден соолугум боюнча айтсам, чет жерге чыгып дарыланып келишим керек. Бирок мен кайтып келем. I’ll Be Back!» — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз