Суббота, 4 мая

Жер титирөө түрк туризмине кандай таасир тийгизет? Адистердин жообу

0

Түркиядагы жердин силкинүүсү коомчулукту ойлондурууда. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 6-февралда Туркиянын Чыгыш бөлүгүндө катталган.

Түркияда жердин силкинүүсү орун албаган аймактарда абал кандай? Эч кандай чочулоо жок эле, туристтер келип эс алып кетүүдөбү? Бул кырсык туризмге кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу сурап көрүүнү чечтик.

Акиф Йылдырым, ГИД:

«Мен Конья шаарында тур агенттикте гид болуп иштейм. Жердин силкинүүсү Түркиянын Чыгыш бөлүгүндө болду. Албетте жалпы Түркия үчүн жүрөгүбүз ооруп турат. Конья шаары Батыш бөлүгүндө орун алгандыктан бизге эч кандай таасир берген жок. Баардыгы өз ордунда. Туристтер кадимкидей келип, эс алып кетүүдө. Эч кандай өзгөрүү жок. Биздин өлкөгө келип эс алып кетүү менен алар, өзүлөрүнө гана пайда эмес Түркиянын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо алышса керек. Алдын ала алынган билеттерди да артка кайтарышкан жок. Ишибиз күндөгүдөн эле уланууда».

 

Бахадыр Женнет, мейманканада кабыл алуучу:

«Мен Бахадыр Женнет. Стамбулдагы мейманкалардын биринде кабыл алуучумун. Жердин силкинүүсү туризмге тийгизген таасири азырынча байкала элек.Биринчиден кырсык катталган жер чет өлкөлүк туристтик аймак эмес. Кырсыктын кесепети тийбейт, жайга чейин баары унутулуп калат деп ойлойм.

Туризмге азыр эч кандай таасири жок, эл келе берет, келип да жатат. Бизге эч кандай өзгөрүү байкалбай эле».

Юнус Гыргыч, Коньядагы Мевлана маданият үйүнүн кызматкери:

-«Ооба, Түркиянын батыш тарабында жер титирөө болгон жок, менимче, туризмге көп деле таасир эткен жок, бирок жер титирөө болгон аймактагылар Түркиянын бардык жерине чачырап жатышат. Дүйнө жүзү жер титирөө Түркиянын баардык аймактарында болгондой кабыл алууда. Жер титирөө катталган аймак туристтик аймак эмес. Менимче эч кандай чочулоонун деле кереги жок».

Бул кырсык тур операторлорунун ишине таасирин тийгизбегенин, Кыргызстандагы тур агенттиктердин биринин директору Жем Күрекчи билдирди.

«Ооба, бул кырсык баарыбыздын көңүлүбүздү орутту. Каза болгондордун жакындарына сабыр тилейм. Биздин ишибизге келе турган болсок, сатуу уланууда. Жер титирөө туристтик аймакка кирбегендигин түшүнгөн адамдар турларды сатып алып,кышкы эс алууларын өткөрүп келүүдө. Билеттерин артка кайтаргандар болгон жок. Жазгы эс алууларга да турлар сатылууда.Менимче эч кандай кооптонуунун кереги жок».

Түркияга барып эс алып,жер кыдырып келүүгө көптөгөн туристтер кызыктар. Алардын ичинде Кыргызстандагы бала бакчалардын биринде тарбиячы болуп иштеген Шарапат Аскаровна да бар.

— » Бул кырсык дүйнө жүзүн ойлондурду окшойт. Кырсыктагандардын кайгысын тең бөлүшүп, сабырдуулукка чакырам. Кырсык чыгыш тарабында орун алганын кызым айтты. Февраль айында 50 жылдыгым болуп, балдарым Туркиянын Анталия шаарына 10 күндүк эс алууга тур белек кылышкан. Буюрса жакынкы арада учабыз. Азырынча даярданып жатабыз. Менде эч кандай коркунуч жок. Анткени Анталия жер титирөө катталган аймактан аябай эле алыс экен. Менимче кооптонуунун кереги жок».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз