Четверг, 2 мая

Сооронбай Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу боюнча үн катты

0

Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Дубайда өткөн азыркы президент менен экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин айтты.

Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө Жээнбеков президент Садыр Жапаров жолугушууну эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурганын, муну жыйынга келгендердин бардыгы кубаттаганын белгиледи. Ал катышуучулардын бардыгы, толук курамда, аягына чейин отурганын жазган.

«Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктурганын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир үстөлгө отургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер… Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы», — деп жазган Сооронбай Жээнбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз