Вторник, 7 мая

Ошто жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

0

Ош шаарынын мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.

Натыйжада, прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз