Пятница, 17 мая

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкция киргизди

0

Европа Биримдиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Буга ылайык Евробиримдик 87 адам менен 34 уюмду санкция тизмесине кошту.

Көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөлөрү, министрлердин 19 орун басары, ар кандай федералдык мекемелердин жетекчилери жана Думанын 4 депутаты санкциялык тизмеге кирген.

Орус аскер башчыларына жана Украинада жайгашкан «Вагнер» тобунун эки командирине, ошондой эле ракеталарды, учкучсуз учуучу аппараттарды, учактарды, аскердик унааларды, согуштук кемелерди же башкаруу системаларын жасап, аларды Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө жеткирген компанияларга да санкция киргизилди.

Санкциялар Украинанын мыйзамсыз аннексияланган аймактарынын прокурорлоруна, Орусиядагы ири телеканалдар менен медиа топтордун жогорку даражалуу жетекчилерине жана алып баруучуларына, ошондой эле Орусиянын Украинага каршы колдонгон учкучсуз учуучу аппараттарды даярдоого жана камсыздоого катышкан 4 ирандык жаранга да киргизилди.

Орусияны каржылык жактан колдоочу секторлордогу экономикалык актерлор да тизмеленген.

Ошентип, Евробиримдик Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына коркунуч туудурган иш-аракеттерди жасаган деген жүйө менен чектөө чараларын киргизген адамдардын саны 1473кө жана уюмдардын саны 205 жетти.

Бул тизмедеги адамдардын жана мекемелердин мүлктөрү тоңдурулду. Жеке адамдарга ЕБге кирүүгө тыюу салынды. Евробиримдиктин жарандары жана компаниялары тарабынан тизмедеги жеке адамдарды жана уюмдарды каржылоого да тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз